Катуу шамал турак үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кетти

10:20, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шамалдын ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жетти.

Катуу шамал Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак үйдүн жана 2 чарбалык курулуштун 26 даана шиферин, 85 чарчы метр туникесин учурган.