09:45, 12 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Жоокер токко урунган көмөк чордондун № 30259 аскер бөлүгүнө тиешеси жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аскер бөлүгү ток таркатуучу станциядан болгонцу жогорку чыңалуудагы кабелди балансына алган. «Көмөк чордон кимге тиешелүү белгисиз. Учурда Аскер прокуратурасы бул маселени карап жатат», — деп билдирди жеке булак.
Эске салсак, 19-августта Майлуу-Суудагы аскер бөлүгүндө жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, кесепетинен 2 колунан ажырады.