«Инфоком» мамлекеттик ишканасы бир канча миң жараксыз паспортту басып чыгарды

17:18, 11 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы бир канча миң жараксыз паспортту басып чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Мамлекеттик мекеме маалыматты кайсы бир деңгээлде тастыктады. «Жаңы программаны орнотууда техникалык каталар кеткен, жыйынтыгында өндүрүштүк ката менен 200гө жакын паспорт чыгып калды. Жараксыз паспорттор кайрадан акысыз калыбына келтирилүүдө», — деп билдиришти «Инфокомдон».