Убактылуу кармоочу жайда мал уурдоого шектүү тургун асынып каза болду

16:19, 11 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң РИИБнын убактылуу кармоочу жайында мал уурдоого шектүү тургун асынып каза болду. Бул маалыматты 24.kg агенттигине ИИМден тастыкташты.
 
Маалыматка караганда, шектүү жаран мал уурдоо фактысы боюнча сурак берип жаткан. Ал буга чейин соттолуп чыккан. Муунуп өлгөн маалда анын жанында эч ким болгон эмес. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат", — деп билдиришти ИИМден.