Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат

16:13, 11 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы курулуш иштери акыркы 2 айдан бери кызуу жүрүп жатат. Петровка айылында жана «Азамат» базарынан Романовка айылына чейин асфальт төшөлүп бүттү.

Эске салсак, Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштери былтыр күзүндө башталган. Бирок, курулушчулар жай иштешкен. 

Жазында курулуш иштери кайрадан жанданып, бирок айдоочуларга тыгын жаралган. Мындай көрүнүш жайдын ортолоруна чейин уланган. Кийин жагдайлар алмашып, учурда оңдоо иштери ылдамдыкта аткарылууда.