Лондондун мэри «Жамийла» аттуу чыгармадан үзүндү окуп берди

11:44, 11 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Британдык белгилүү бир нече саясатчылары менен катар, Лондон шаарынын мэри Садик Хан кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчилиги уюштурган «Айтматов окуулары» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигенен кабарлашты.

Садик Хан видео аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө, жазуучунун «Жамийла» аттуу чыгармасынан үзүндү окуп берди.

Иш-чараны уюштурууга Улуу Британиянын Парламентинин алдындагы «Улуу Британия-Кыргызстан» Жалпы партиялык парламенттик достук тобунун Секретариаты өзүнүн колдоосу менен жардамын берди.