15:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эгемендүүлүк жылдарында Түркия Кыргызстанга 1 миллиард доллар жардам көрсөткөн

Эгемендүүлүк жылдарында Түркия Кыргызстанга 1 миллиард доллар жардам көрсөткөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын өкмөтү көрсөткөн гранттык колдоону Кыргызстанда ТИКА уюму жүргүзөт.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында 3 күндүк иш сапары менен келген Түркиянын президенти жана Кыргызстандын мамлекет башчысы экөө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду. Анда соода жүгүртүүнүн жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү тууралуу келишимдерге кол коюлган. Түрк ишкерлери айыл чарбадагы абалды иликтеп көрүү ниетинде.

Эң көп окулган жаңылыктар