Кыргызстанда «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» кампаниясы башталды

15:41, 10 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» кампаниясы башталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара «Жаштар колдойт» урааны алдында 10-сентябрдан 10-декабрга чейин уланат.

Аталган кампаниянын максаты- калкка адамдарды сатуу, сексуалдык кулчулук, жаш кыздарды мажбурлап эрте күйөөгө берүү, балдарды мажбурлап иштетүү, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук тууралуу кенен маалымат берүү.