09:05, 10 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 2 унаа сүзүшүп, кырсыктан айдоочу жана 1 жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карама-каршы багытта келе жаткан Honda Fit жана Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан Honda Fit унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди.