Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы № 27 абактын аймагына тыюу салынган затты киргизүүгө аракет кылган 2 киши кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын бири абактын аймагынан кармалып, бирок экинчиси качып кеткенге үлгүргөн.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда 189,67 грамм салмактагы марихуана экени айтылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө экинчи шектүү 1984-жылы туулган Н.К.Ж. колго түшүрүлдү.