15:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда балдардын 78 пайызы мектепте зомбулукка дуушар болгонун айтышат

Кыргызстанда балдардын 78 пайызы мектепте зомбулукка дуушар болгонун айтышат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун отчетунда маалымдалат.

«Биз Кыргызстанда аярлуу үй-бүлөлөр менен иш алып барып, аларды мигранттардын балдары менен бирге коргоого алуу аракетиндебиз. Андан тышкары өспүрүм арасында өз өмүрүнө кол салууга каршы иштерди жүргүзүдөбүз», — дейт ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокую.

БУУнун билдирүүсүндө, дүйнөдө 13 жана 15 жашка чейинки балдардын жарымы, 150 миллион билим берүү жайларында зомбулукка дуушар болот.

39 өлкөдөгү 10 окуучунун үчөө курдаштарын коркутуп-үркүтүүгө катышканын мойнуна алган. 2017-жылы Конгодогу мектептерге 396 чабуул, Түштүк Судандагы мектептерде 26, Сирияда 67, Йеменде 20 чабуул жасалган.

720 миллион окуучу мектептерде балага көл көтөрүүгө тыюу салынбаган өлкөлөрдө жашашат.

Эң көп окулган жаңылыктар