Өнөр жай, жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы кызматтан кетти

11:39, 07 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.