Кыргызстанда доллар курсунун өсүшү уланууда. Сутка ичинде 30 тыйынга жогорулады

11:26, 07 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда доллар курсунун өсүшү уланууда. Сутка ичинде 30 тыйынга жогорулап, 70 сомго жакындап калды.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,1-69,3 сомдон сатып алып, 69,55-69,7 сомдон сатышууда. Акыркы 10 күн ичинде жашыл акча 70 тыйынга кымбаттады.

Эске салсак, доллар Кыргызстанда августтун орто ченинде кымбаттай баштаган. Ага Орусияга каршы санкциялар себеп болгон.