Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы мүрзөдө куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Тыналиев жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Өрттүн кесепетинен 1 500 гектар аянттагы куураган чөп жана кароосуз калган дүкөн өрттөнгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.