17:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаа атуу. Кыргызстандын капчыгында 1 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль бар

Көчмөндөр оюндарынын алкагында жаа атуу боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Ага 23 мамлекеттен 153 спортчу катышты. Мелдеш бир канча өлкөнүн эрежелерине ылайык өткөрүлдү.

Түркиянын эрежеси боюнча жаа атууда эркектер арасында биринчи орунду орусиялык Олег Цыбикжапов, аялдар арасында орусиялык Татьяна Павлова алышты. Корей эрежеси боюнча алтын медалды венгриялык жана германиялык спортчулар тагынышты. Ал эми Кыргызтснадын эрежеси боюнча биринчиликти венгриялык спортчу менен кыргызстандык Асел Садырова багындырышты.

Кыргызстандын капчыгында 1 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль топтолду.

Эң көп окулган жаңылыктар