Ош шаарында 40 жаштагы аял кичинекей баласы менен менен 4-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, аял жана 7 айлык наристе аймактык ооруканага жеткирилди. Алдын ала алынган маалыматка таянсак, жабырлануучу жатаканада жашачу.
Түштүк борбордун ИИБсы аталган маалыматты тастыктап, окуя болгон жерде тергөө иштери башталгандыгын айтты.