Ошто 40 жаштагы аял кичинекей баласы менен менен 4-кабаттан кулап кетти

08:33, 07 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 40 жаштагы аял кичинекей баласы менен менен 4-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.
 
Маалыматка караганда, аял жана 7 айлык наристе аймактык ооруканага жеткирилди. Алдын ала алынган маалыматка таянсак, жабырлануучу жатаканада жашачу.
 
Түштүк борбордун ИИБсы аталган маалыматты тастыктап, окуя болгон жерде тергөө иштери башталгандыгын айтты.