Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы финалга чыкты

17:44, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы финалга чыкты. Жергиликтүү спортчулар Москвалык команда менен беттешип 23:5 эсебинде утуп алды.

Эске салсак, Москвадан келген көк бөрүчүлөрдүн ата-теги кыргыз, бирок орусиялык жарандар болуп эсептелет.

Финалдык мелдеш үчүн Казакстан менен Өзбекстандын курама командалары ойношот.