Көчмөндөр оюндарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылында корей күрөшү боюнча мелдештер өттү. Анда абсолюттук салмактагы мырзалар гана күч сынашты. Медалдар үчүн 10 мамлекеттен 15 балбан таймашка чыгышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун — Монгуш Мерген (Хакасия, Россия) — 70 миң сом;
2-орун — Монгуш Айдын (Красноярск, Россия) — 35 миң сом;
3-орун — Орозбек Ашыров (Кыргызстан) — 17 миң 500 сом;
3-орун — Аллтансерел Алтанхваг (Моңголия) — 17 миң 500 сом.