Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

16:31, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

7-сентябрдан 21-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү менен Исанов көчөсүнүн ортосундагы Фрунзе көчөсү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакта газ өткөрүү түйүндөрүн оңдолот. Ишти «Атайын монтаж» ЖЧКсы жүргүзөт.

Фрунзе көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.