Кореяда «Манас» эпосуна арналган көргөзмөнүн расмий ачылышы болот

16:04, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Эртең Кореянын Кванджу шаарында маданият министрлигинин алдындагы Азия маданий борборунда «Манас» эпосуна арналган көргөзмөнүн расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарада корей тилиндеги «Манас» китептери коюлат. Мындан тышкары эпостон үзүндүлөр көрсөтүлөт.

Көргөзмө 3-декабрга чейин уланат.