«Ак кеме» тасмасы тартылган Көк-Булак жайлоосунун азыркы көрүнүшү

15:22, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

«Ак кеме» тасмасында кичине баланын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев туура 42 жыл өткөндөн кийин тасма тартылган «Көк-Булак» жайлоосуна барды. Ал социалдык түйүндөгү баракчасына жайлоонун сүрөттөрүн жарыялады.

Эске салсак, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Ак кеме» тасмасы 1976-жылы жарыкка чыккан. Режиссер Болот Шамшиев тасманын айрым бөлүгүн Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында тарткан.