23:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кырчын жайлоосунда 62 жаштагы киши эс-учун жоготуп дарыяга кулап түштү

Кырчын жайлоосунда 62 жаштагы киши эс-учун жоготуп дарыяга кулап түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бостери айылынын тургуну Бегалы Апсаматов көпүрөдөн өтүп бара жаткан маалда өзүн жаман сезип дарыяга кулап түшкөн. Окуя болгон маалда 2 тартип сакчысы жардамга келип, аны жээке алып чыгышкан.

Бегалы Апсаматовго медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин үйүнө жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар