Суроо-жооп. Ымыркайга азан айтуу шарттары

14:36, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жаңы төрөлгөн балага азанды кайсы жерде, ким айтышы керек?

Жооп: Ымыркайга азан төрөлгөндөн кийин алгачкы күндөрү айтылат. Илгертен эле кыргыздар ысым берерде айтып келишкен. Дин боюнча азанды билген киши айтса боло берет. Ал үчүн мечитке барыш дагы милдет эмес.