Бишкекте Наргиза Ибраева аттуу кыз изделип жатат

14:29, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Свердлов РИИБнын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 1991-жылы туулган Ибраева Наргизаны издеп жатышат.

Фото


Маалыматка ылайык, Наргиза Ибраева 5-сентябрда «Берен Голд» соода борборунан чыккан бойдон дайынсыз.

Белгилери: Бою 140-145 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара. Оң көзү көрбөйт, так сүйлөй албайт, 2-топтогу майып.

Изделип жаткан кыз тууралуу маалымат болгондор (0777) 87-44-11, (0553) 102-566, (0772) 05-20-00, (0556) жана 85-58-12, (0702) 22-85-05 номурларына кайрылса болот.