11:46, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында жол кырсыгы катталып, 4 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Golf жана Subaru үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 4 киши жабыркап ооруканага жеткирилди. Алардын бирөөсүнүн абал оор, учурда жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат.