Бүгүн, эртең Оштун айрым аймактарында жаратылыш газы берилбейт

11:07, 06 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, эртең Ош шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
 
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ берүү төмөнкү даректерде чектелет.
 
  • 6-сентябрда Памир, Курманжан Датка, Мамажан, Давыдов, Навои көчөлөрүндө;
  • 7-сентябрда Фергана көчөсүндө.