13:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Көчмөндөр оюну. Көк бөрү оюну боюнча 3 курама команда жарым финалга чыкты

Көк бөрү оюну боюнча мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын курама командалары жарым финалга чыгышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча Федерациядан билдиришти.

Эске салсак, кечээ, кыргызстандык көк бөрүчүлөр алтайлык команда менен беттешмек, бирок, алтайлык оюнчулар жаракат алып, оюн талаасына чыгышкан жок. Мындан улам, техникалык утулуш болду.

Ал эми өзбекстандык спортчулар франциялыктар менен ойноп, 19:6 эсебинде жеңип алды. Франция курама командасы аталган оюнду 1-жолу ойноп жатканына карабай 6 улакты тай казанга салганга жетишти. Ошондой эле, Казакстандын оюнчулары Красноярск командасын 15:3 эсебинде, АКШнын спортчуларын 20: 9 эсебинде утуп алды.

Бүгүн 5-мелдеш күнүндө көк бөрү боюнча жарым финалдык беттештер болот.

Эң көп окулган жаңылыктар