Көчмөндөр оюндары. Кыргызстан биринчи орунга чыкты

16:27, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 3-күнүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунга чыкты.

Өлкө куржунунда жалпы 43 медаль болсо, анын 15и алтын. Экинчи орунга Орусия командасы 24 медалы (11 алтын, 5 күмүш, 8 коло) менен чыкты. Ал эми буга чейин лидерликте келе жаткан Казакстан үчүнчү орунга жайгашып калды.

Учурда Казакстанда 32 медаль бар, анын тогузу алтын.

Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (18 медаль), Иран (8 медаль), Украина (8 медаль), Өзбекстан (19), Венгрия (6), Монголия (4) жана Болгария (2) командалары турат.