Капиталдык курулуш башкармалыгы: Бишкектеги 16 көчө жабык бойдон турат

16:13, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күндө оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги 16 көчө жабык бойдон турат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, төмөндө жазылган даректерде жолдор жабык.

— Лермонтов көчөсү. Чүй проспектисинен Салиев көчөсүнө чейин; (15-сентябрда ачылат);

— Достоевский көчөсү. Анкарадан Лев Толстой көчөсүнө чейин (30-сентябрда ачылат);

— Кара-Жыгач жаңы конушу, Оберон көчөсү. Анкара көчөсүнөн Лев Толстой жолуна чейин (30-сентябрда ачылат);

— Лев Толстой көчөсү. 7-Апрелден Ауэзов көчөсүнө чейин (30-сентябрда ачылат);

— Баялинов көчөсү. Махатма Гандиден Исанов көчөсүнө чейин (1-октябрга чейин);

— Репин көчөсү. Түштүк магистралдан Күйүкова көчөсүнө чейин (1-октябрда ачылат);

— Осмонкул көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Курманжан датка көчөсүнө чейин (2-октябрда ачылат)

— Арча-Бешик жаңы конушу, Күйүкова көчөсү. Садыркуловдон Муромск көчөсүнө чейин (2-октябрга чейин);

— Тоголок Молдо көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин (30-октябрга чейин);

— Салтанат көчөсү. Кайназаров көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейин (30-октябрга чейин);

— Токтоналиев көчөсү. Масалиевден Глиессер көчөсүнө чейин (30-октябрда ачылат).