Ош шаарында 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетти

18:00, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетти.  Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жабырлануучу М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу. Окуя окуучу мектептин имаратына кирип бара жаткан учурда болгон. Ал денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Учурда баланын абалы жакшы.