Айдаркенде «Ауди 80» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

14:22, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында «Ауди 80» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрт Коммунист көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан чыккан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.