Екатаринбургда Чыңгыз Айтматовдун китептерин балдарга сатууга тыюу салынды

09:29, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

 

Россиянын Екатаринбург шаарында Чыңгыз Айтматовдун китептерин балдарга сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу RT сайты маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Айтматов, Есенин, Бродский жана Маясковскийдин чыгармаларын жогорку класстын окуучулары сатып ала алышпайт. «Азбука-Аттикус» басмаканасы айрым чыгармаларга «18 жаштан өйдөгүлөргө» белгиси коюлган.

Басмаканада чыгармаларда адепсиз сөздөр камтылгандыктан балдарды коргоо боюнча мыйзамдардын алкагында чек коюлгандыгын билдирет.