Көчмөндөр оюндары. Кыргызстандыктар аркан тартыш боюнча мелдеште утту

09:21, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы аркан тартыш боюнча мелдеште утуп алды. 

Фото

Командалык мелдеште 3 курама катышты. Ар бир тайпада 8ден спортчу болду. Финалда кыргызстандыктар ирандык спортчуларды 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми 3-орунда Казакстан алды.

Аркан тартыш-байыркы спорттун түрү. Көчмөндөр оюндарында биринчи жолу аркан тартыш боюнча мелдеш уюштурулду.