Ысык-Көлгө чөгүп кеткен юрист Александр Стручалиндин жансыз денеси табылды

09:09, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен юрист Александр Стручалиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 23-июлда «Натали» пансионатында эс алып жүргөн 42 жаштагы Александр Стручалин сууга чөгүп кеткен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркумдун денесин 4-сентябрь күнү Жети-Өгүз районунун тургундары кечке маал көл жээгинен таап алышкан.