III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында спорттук иш-чаралар, ал эми Кырчын этно шаарчасында маданий иш-чаралар жүрүп жатат.
Учурда аталган спорттук мелдештердин 3-күнкү жыйынтыгы боюнча 23 медаль менен алдыда Орусия келе жатат. Алардын капчыгында 11 алтын медаль бар. Бул тууралуу 24.kg агенттигине спорттук иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Кийинки орунда Казакстан, 3-орунда 18 медаль менен Түркмөнстан турат. Ал эми Кыргызстан учурда 4-орунда келе жатат.
Эске салсак, кечээ Чолпон-Ата-шаарындагы ат майданда 80 чакырым аралык боюнча ат жарыш, көк-бөрү, пахлавани, казак күрөшү, мас-рестлинг , тогуз коргоол боюнча мелдештер жүргөн.