13:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстандын көк бөрүчүлөрдүн ат бербей койду деген жүйөөсү чындыкка дал келбейт

Казакстандын көк бөрүчүлөрүнүн уюштуруучулар ат бербей койду деген жүйөөсү чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Спутник агенттиги Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовго шилтеме берип билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин көк бөрү оюнунда Казакстандын командасы оюнга чыгуудан баш тартып, башкы машыктыруучу Каганат Сүйбаев кыргыз тарап берген аргымактар купулга толбой калгандыктан мелдешке чыкпаганын айткан.

Жыргалбек Саматовдун айтымында, Кыргызстан бардык командаларга бирдей шарт түзүп берген.

Өзүңөр билгендей Кыргызстандан башка 10 команда ойноп жатат. Баарына жеткен ат Казакстанга жетпей калмак беле?.. Алар аты жок келе жатканын бизге 1-сентябрь күнү айтышты. Ат берүү жободо жазылгандыктан эч меселе жок келери менен бергенбиз. Мелдеш башталганда аргымактарды минип эле турушкан. Биринчи оюндар бүтүп, алардын кезеги келгенде чыкпайбыз дешти. Ат маселеси боюнча жеке өзүмө айтышкан жок. Мен аны социалдык тармактардан окуп жатам

Жыргалбек Саматов

Ал Казакстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Ерлен Оспановдун башка өлкөнүн атынан кыргыз жарандары ойноп жатат деген пикирин  четке какты.

«Мен Ерлен Оспанов менен жолукканда «биз тай казаны жок, көкпардагыдай тегерек чийин менен ойнойбуз» деп шарт койду. Албетте буга макул болгон жокпуз, биз эл аралык эрежени буза албайбыз да. Мага мындан башка эч нерсе айткан эмес. Бүгүн да сүйлөштүк, казак улакчылары эртең оюнга чыга турган болушту. Кыргызстандын жарандары башка өлкөнүн атынан чыгып жатат дегени жалган. Мандаттык комиссияга келип паспортторун көрүшсүн. Бул айтылып жаткан шылтоолордун бири болсо керек. Кытай командасы ушунун айынан оюнга чыкпай калды го. Алар төрт эле киши келип, кыргызстандыктар кошулуп ойноп берсин дегенде макул болбой, мелдештен четтеттик», — деди ал.

Ошондой эле Саматов калыстар коллегиясы Казакстандын биринчи айлампадагы Красноярск менен болгон беттешүүсүнө эртең чыгуусуна уруксат бергенин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби