Учурда Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук салт-санааны театрлаштырып көрсөтүү иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта Кытайдан келген кыргыздар өз каада-салттарын көрсөтүп жатышат.
«Келген көрүүчүлөр кол чаап, жакшы кабыл алышууда. Мында чогулгандардын саны абдан көп. Кечинде ачык асман алдында эл аралык этноэкологиялык «Мөңгү» кино фестивалы болот», -деди Жийде Зоотбекова.