Бишкекте № 5 троллейбустук каттам ишке кирди

09:57, 04 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте № 5 троллейбустук каттам ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу «Чыгыш-5» кичи районундагы Чүй проспектисинде троллейбустук каттамдар кыскарган болчу. Эми коомдук унаа Жал кичи районунан циркке чейин каттап баштайт.
 
Эске салсак, оңдоо иштерине байланыштуу шаардын айрым коомдук унаалары убактылуу токтоп турат.