Көчмөндөр оюндары. Спорттук мелдеште Казакстан алдыда келе жатат
08:49, 04 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган спорттук мелдештин алгачкы 2 күнүндө Казакстан алдыда келе жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жазылат. Фото
Маалыматка караганда, спорттун бир канча түрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Казакстандын курама командасынын капчыгында 7 алтын, 7 күмүш, 5 коло медаль бар. Кийинки орунда Кыргызстан келе жатат. Алардын капчыгында 5 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль турат. Азырынча 3-орунду Түркмөнстандын спортчулары ээлешүүдө.