Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен ажайып көрүнүштөр

10:38, 03 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Эмир Эль-Фуджейры Мохамед бин Хамад бин Мохамед Аль Шарки жана Кыргызстан менен Түркиянын биринчи канайымдары катышты. 

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 1 миң 500 кишинин катышуусунда театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүү орун алды.

Ачылыш аземдин соңунда көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын жөө жүрүшү болду. Анда 82 өлкөдөн 2 миң 500гө жакын спортчу катышты. Алгачкы көчмөндөр оюндарына 19 мамлекеттен 800 спортчу, кийинки иш-чарага 62 өлкөдөн 1 миң 200 киши катышкан.