Көчмөндөр оюну. Эстафета Түркияга өткөрүлүп берилди

10:27, 03 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт. Бул тууралуу ири иш-чаранын ачылыш аземинде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал билдиргендей, кийинки көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтө тургандыгынан үмүт чоң.

«Көчмөндөр оюндары 3 жолу катары менен кыргыз жеринде, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Эми бул оюндарды өткөрүү миссиясы Түркияга өткөрүлүп берилди. Мен Режеп Тайип Эрдоганга ийгилик каалайм», —деди Сооронбай Жээнбеков.