10:27, 03 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт. Бул тууралуу ири иш-чаранын ачылыш аземинде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Ал билдиргендей, кийинки көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтө тургандыгынан үмүт чоң.
«Көчмөндөр оюндары 3 жолу катары менен кыргыз жеринде, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Эми бул оюндарды өткөрүү миссиясы Түркияга өткөрүлүп берилди. Мен Режеп Тайип Эрдоганга ийгилик каалайм», —деди Сооронбай Жээнбеков.