Көчмөндөр оюндары. Бир катар өлкөлөрдүн башчыларынын келүүсү күтүлүүдө

12:11, 02 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына жана түрк тилүү мамлекеттердин саммитине ардактуу коноктор келишет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ири иш-чараларга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекистандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Эмир Эль-Фуджейры Мохамед бин Хамад бин Мохамед Аль Шарки, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышмакчы.

Вице-премьер билдиргендей, көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн спорттук линия боюнча  79 өлкөдөн 2 миң 307 катышуучу каттоодон өтүштү.