Салык кызматы күмөндүү акциздик маркалары бар алкоголдук продукцияны аныктады

10:27, 30 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы акыркы 7 ай аралыгында рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, күмөндүү акциздик маркалар менен 4,2 миллион сом суммасындагы 77 миң 277 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7 ай ичинде 537,3 миң сом суммасындагы 11 миң 601 таңгак тамеки продукциясы тартылып алынды.

Тартылып алынган товарлар жана материалдар мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына экспертиза жүргүзүү жана корутунду чыгаруу үчүн өткөрүлүп берилди.