Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын короосунан өрт чыкты

10:08, 30 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын короосунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нефтяная көчөсүндө жайгашкан шаардык прокуратуранын короосундагы аянты 4 сотык болгон куураган чөп күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.