Келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
Макулдашууда мамлекеттик чек араны кармоо жана кесип өтүү, мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү, чек ара чыр-чатактарын чечүү, мамлекеттик чек арада чарбалык, аң улоо жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү маселелери камтылат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.