Кербен шаарында теректе асылып турган эркек кишинин жансыз денеси табылды

17:10, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарындагы турак үйдүн короосунан теректе асылып турган эркек кишинин жансыз денеси табылды.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, 50 жаштагы маркум өз өмүрүнө кол салганы айтылууда.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркумдун артында үй-бүлөсү, 3 баласы калды.