17:10, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарындагы турак үйдүн короосунан теректе асылып турган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, 50 жаштагы маркум өз өмүрүнө кол салганы айтылууда.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркумдун артында үй-бүлөсү, 3 баласы калды.