Ысык-Көл облусунда Чехиялык турист бутун кокустатып алды

16:46, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда Чехиялык турист бутун кокустатып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдан билдиришти.
 
Турист бутун Уюл-Төр капчыгайынан сындырып алган. Окуя болгон жерге 8 куткаруучу жөнөп кетти.
 
«Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясы 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, туристтин бутунун эки жери сынган. Аны Каракол шаардык ооруканасына алып кетишти.